БЫЧАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:18, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫЧАН – Тогуз-Торо районунан башталып, Ак-Талаа району аркылуу аккан суу, Ала-Буга суусунун сол куймасы. Узундугу 56 км, алабынын аянты 1050 км2. Суу куралуу облусуна кирет. Фергана тоо тизмегинин түндүк-чыгыш капталынан башталат. Өрөөнү жазы келип түндүк-чыгышты карай 10 кмдей аккандан кийин түштүк-чыгышка бурулат. Чатына жакындаганда өрөөнү кууштап, кайрадан түндүк-чыгыш багытка агат. Жылдык орточо чыгымы 7–9 м3/сек, эӊ көбү май – июнда, азы январда байкалат. Өрөөнү жайлоо.