БЫЧУУЧУ МАШИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:26, 17 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫЧУУЧУ МАШИ́НА – бычуу үчүн даярдалып коюлган кат-кат полотнону үлгүгө салып кесүүчү машина. Кездеменин бычылышы машинанын конструкциясына, кездеменин калыӊдыгына жана сапатына жараша болот. Тигүү өндүрүшүндө бычагы көбүнчө түз жана диск түрүндөгү машиналар колдонулат. Мындай машинанын бычагы болоттон жасалып, алдыга жана артка жылат. Бычагы диск түрүндөгү машина кесүүгө даярдалган материалды тез кесет.