БАРСКОН –
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАРСКОН – Жети-Өгүз районундагы суу. Узундугу 62 км, алабынын аянты 352 км2. Тескей Ала-Тоонун орто бөлүгүндөгү Сарала-Таш ашуусунан (бийиктиги 3684 м)

башталып, Ысык-Көлгө куят. Жалпы узундугу 100 кмге жеткен 49 куймасы бар. Ирилери: Дүӊгүрөмө, Шаркырак, Ат-Жайлоо, Жаӊы-Коргон, Кереге-Таш ж. б. Алабында жалпы аянты 0,48 км2 келген 9 көл, кооз шаркыратмалар бар. Алабынын жалпы аянтынын 10%ын мөӊгү ээлейт. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 4,07 м3/сек; эӊ көбү 55,8 м3/сек, эӊ азы 0,11 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Барскон кыштагы жайгашкан.