ДОЛОН 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЛОН (моңголчо жети) – КЭРдин Синьцзян автономиялуу облусунда (Жарган-Дарыя, Чекил­дек, Караңгылык) жашаган калктардын бири. Бүгүнкү күндө уйгурларга жуурулушуп барат­кан Долондун түпкү теги айрым маалыматтарда кыр­гыз экендиги белгиленет. Долондун материалдык маданияты ж-а антропологиялык тиби да кыргыздарга жа­кын. Ч. Валиханов Чыгыш Түркстандагы Бар­чык ж-а Марал-Башы аймактарын мекендеген Долон аттуу өзгөчө уруу жөнүндө жазып, алар өздөрүнүн тегин кыргыздар м-н жалпы экендигин белги­лешерин эскерген. Санжыра маалыматтарында Долон бий Ак уул, Куу уулдун атасы деп айты­лып, алардан кыргыздын оң, сол ж-а ичкилик уруулары тарары айтылат. Этноним жети уруу же жети уруу эл маанисин да туюнтушу ык­тымал.

Ад.: Абрамзон С. М. Кыргызы и их этногенетиче­ские этнокультурные связи. Ф., 1990.

О. Каратаев.