ЖЫЛГЫН 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛГЫН (Myricaria) – жылгындар тукумун­дагы өсүмдүк уруусу. Анча бийик эмес бадал, кээде даракча. Бийиктиги 1,5–6 мге жетет. Жал­бырагы майда, учтуу, түрпүчөдөй, кезектешип жайгашкан. Топ гүлү чачыдай же машактай. Гүлү кооз, желекчелери ак, мала кызыл же кө­гүш. Мөмөсү – кутуча. Жылгындын Кыргызстанда 3 түрү – көрктүү жылгын ,түлкү куйрук ж-а түрпүлүү жылгын кез­дешет. Өзөндүн шагылдуу жээгинде, сайда өсөт. Айрым түрүнөн боёк заттар алынат. Жаш бу­тактары малга тоют. Жалбырагы С витаминине бай. Кабыгы өңдөөчү зат катары колдонулат.